ОРУСИЯ
НАТО
ИРАН
КЫТАЙ
ИМ
КЛИМАТ
КЛИМАТ
Шесть ключевых вопросов внeшней политики, по которым обменялись мнениями кандидаты в президенты США Хиллари Клинтон и Дональд Трамп.
ВЫБОРЫ 2016 ОБМЕН ИДЕЙ ПО ВНЕШНЕЙ ПОЛИТИКЕ
«Путин геосаясатты бирөө утса, экинчиси толук утула турган бир тараптуу оюн катары көрөт. АКШ чечкиндүүлүк менен сабырдуулук көрсөтүшү керек. Биз мүмкүн болушунча Орусия менен белгилүү маселелер боюнча иштешип, башка өлкөлөрдү Орусиянын терс жүрүм-түрүмүн токтотуу же чектөө үчүн чогуу иштешүүгө чакырышыбыз керек. Мындай тен салмактуулукту кармоо жеңил эмес, бирок өтө маанилүү» ____________________________________________ • Орусияны «каршылаш» катары көрөт, «эч нерседен кайра тартпаган” Путинди “такай ооздуктап” туруу керек деп ойлойт.   • Буга чейин Путин менен “бетме-бет” жолугуп жүргөнүн баса белгилейт.   • Орусиялык кара май менен газдан көз карандылыгын азайтуу үчүн Европага жардам берүү.   • Путин шайлоодо Трамптын жеңишин каалайт деп, АКШдагы добуш берүүнүн жүрүшүнө таасир этүү үчүн хакерлердин чабуулун Кремл башкарган деген шектенүүсүн айткан.   ______________________________________________________
“Мен Владимир Путинге катаал мамиледе болгум келет, бирок Орусияны бүгүнкүдөй эмес, “Ислам мамлекетин” чогуу талкалоо үчүн дос катары көрүүдөн башка акыл жок” ____________________________________________ •Орусиянын Крымды аннексиялаганын «кайра карап чыгуу» менен Москвага каршы киргизилген санкцияларды алып салуу боюнча пикирин билдирген.   •Орусия Крымды басып алгандан кийин Украинанын аймагында орусиялык армиянын жүргөнүн жокко чыгарган.    • Клинтонго караганда Путин менен жакшы тил табышарын айткан.   • Орусия Клинтондун мамлекеттик катчы кезиндеги электрондук каттарын сактап калып, аны ачыкка чыгарат деген «үмүтүн» айткан.   • Улуттук Демократиялык Комитеттин компьютерлерине жасалган хакердик чабуулдун аркасында Орусия турарына шеги бар.   • Терроризмге каршы күрөш жана миграциялык процесстер сыяктуу жалпы коркунучтар менен кызыкчылыктар бардыгын баса белгилейт.______________________________________________________
“Чыгыш жана Борбордук Европа НАТОнун мүчөсү болбогондо [Украинадагы] кризис менен Орусиянын агрессиясын токтотуу канчалык олуттуу болмок экенин ойлонуп көрсөңөр. НАТОго кирүү ачык бойдон калышы керек” ____________________________________________ • НАТОну “Американын качандыр бир жасалган мыкты инвестициясы” катары сыпаттаган.  • «Европанын жана анын чегинен сырткары орусиялык агрессияга каршы жана аны ооздуктоодо европалык союздаштар менен ийиндеш турууга» убада берген.  • «Эгер Америка лидер болбосо вакуум түзүлүп, ал хаоска жетелеп, же башка өлкөлөр ал боштукту ээлөөгө умтулушат» дейт.  • Европада, Жакынкы Чыгышта жана Азияда жаңы өнөктөштүктү курүү үчүн.    ______________________________________________________
Биздин өнөктөштөр коопсуздук үчүн финансылык, саясий жана адам ресурстарынан салым кошуусу керек. Бирок алардын көбү муну жасабайт. Мен НАТОдогу өнөктөштөрүбүз, анын ичинде Азиядагы өнөктөштөр менен өзүнчө саммит уюштуруп, финансылык милдеттемелерди, жаңы стратегияларды кабыл алуунун жолдорун кароого чакырам. ____________________________________________   • НАТО “эскирген” структура. АКШ НАТОдогу өнөктөштөрүн “алар биздин алдыбызда өз милдеттерин аткарса” гана орусиялык агрессиядан коргойт деп айткан.  • Эгер союздаштар аскерий чыгымдарды көбөйтпөсө АКШ жардамдан баш тартарын айткан.  • Исламчыл терроризм жана миграциялык кризиске каршы туруу үчүн НАТОнун «эскирген миссиясы менен структуралары» жаңылансын. ______________________________________________________
“Кошмо Штаттар Иранга өзөктүк куралга ээ болууга эч качан жол бербейт. Президент катары Кошмо Штаттар менен биздин союздаштарды коргоо үчүн бардык чараларды көрөм. Эгер Иран ядролук куралга ээ болууга аракеттенсе аскерий чара көрүүдөн баш тартпайм” ____________________________________________ • Иран эл аралык санкцияларды алып салуу үчүн ядролук программасынан баш тарткан 2015-жылкы келишимди коргойт.  • Ирандын ядролук куралдан толук баш тарткан келишимин бекем колдойт.  • Ирандын чөлкөмдө «терс жүрүм-турумуна» каршы туруунун кеңири стратегиясын колдойт.  • Президент Рональд Рейгандын Советтер Союзунун дарегине айтылган «ишен, бирок текшер» деген сөзүнө үндөш «ишенбе жана текшер» деген саясатты улантат. ______________________________________________________
“Иран ядролук куралга ээ боло албайт жана Трамптын администрациясы Иранга мындай куралга ээ болууга эч качан жол бербейт... Сүйлөшүүдө андан чыгып кетүү жолу сакталыш керек. Иран менен келишим башка эң начар келишимдердей эле андан чыгып кетүү жолун жаап салган” ____________________________________________   • «Майнапсыз» келишим Ирандын анча-мынчадан баш тартканына эле өтө чоң нерселерди берди.  • Ядролук келишим кайра каралсын.  • Иранга каршы АКШнын санкцияларын эки же үч эсе көбөйтүп аны сүйлөшүүлөр столуна кайра отурууга мажбурлоону колдойт.  • Перс булуңунда Ирандын көзөмөл жүргүзгөн кемелери АКШнын кораблдарына жакындаган “аракети” байкалса “суунун үстүндө атылат”.   ______________________________________________________
Кытай – “бир топ чечиле турган мамилебиз бар” өлкө. “Башка бардык эле өлкөлөрдөй Кошмо Штаттар кемелердин ээн-эркин жүрүшү, Азиянын деңиздерине кирүү жана Түштүк-Кытай деңизинде эл аралык мыйзамдардын сакталышы боюнча улуттук кызыкчылыктары бар. Кытай менен мамилени жакшыртуу үчүн биздин баалуулуктарды же биздин өнөктөштөрдү курмандыкка чалбайбыз.” ____________________________________________ •Кытайдын аскерий экспансиясына каршы туруу үчүн АКШнын саясий түркүгүн бекемдөөнү колдойт.  • Аймактык, деңиз талаштарындагы агрессия жана киберчабуулдар үчүн Кытайды жоопкер кылуу.  • Глобалдык климаттын жылышы жана Түндүк Кореяга таасир этүү боюнча кызматташууну жана өз ар ишенимди колдойт.  • Адам укуктары, соода эрежесин сактоо жана киберчабуулдар үчүн Бээжинге басым көрсөтүүнү колдойт. ______________________________________________________
Союздаштардын көп сандагы учактарын колдонуу менен максатты кеңири коюп, авиасоккулардын санын көбөйтүп, коалициянын аба өнөктүгүн эффективдүү кылууга убакыт келди... Авиасоккулар жердеги операциялар [АКШнын аскерлери эмес] менен бекемделиши керек. Жергиликтүү эл менен өлкөлөр өз коопсуздугун камсыздашы керек. Биз аларга жардам бере алабыз, жардам беребиз, бирок биз алардын ордун алмаштыра албайбыз. ____________________________________________ • “Ислам мамлекетине” каршы туруп, аны “кургактагы туура эмес жүргүзүлгөн согушка” АКШнын армиясын аралаштырбай талкалаш керек.  • Орусия менен Иран Сириядагы проблеманын бөлүгү, алар сириялык режимдин оппоненттерине сокку уруп, “Ислам мамлекетине” каршы ургаалдуу иш жасабай эле.  • Иракта эффективдүү аскерий жана башкаруу структураларын түзүү.  • Ооганстанда демократияга жана коопсуздукка колдоо көрсөтүүнү улантуу.  • Ливия менен Йеменде туруктуулукту калыбына келтирүүгө көмөктөшүүнү колдойт. ______________________________________________________
«Чөлкөмдө радикалдуу ислам коркунучунда калган кайсы гана өлкө болбосун чогуу иштешүүбүз керек. Бирок ал эки тараптуу кызматташуу болсун. Алар бизге жакшы ниетте туруп, биз аларга эмне жасап жатканыбызды аңдасын. Радикалдуу исламга каршы күрөш биздин өлкөдө да жүрүүдө. Биздин чек аранын ичинде туруп соңку кездери келген мигранттар терроризмге айыпталышты” ____________________________________________   •Радикалдуу исламдан жабыр тартып жаткан өлкөлөр менен кызматташуу аркылуу “Ислам мамлекетин” талкалоону колдойт. Кызматташуу өз ара пайдалуу болсун.   •Орусия менен Иран «Ислам мамлекетине» каршы күрөшүүдө, андыктан алар Сириядагы проблеманы чечүүнүн бөлүгү болуп саналат.  • ИМге каршы күрөштүн деталдуу планын чыгарып койсо эч кимди таң калтыра албай калам деп аны берүүдөн баш тартат.  • Америкалык куралдуу күчтөр Жакынкы Чыгыштагы проблемалардан оолак болушу керек деген көз карашта.  • АКШнын армиясын Ооганстанда кармап турууну колдойт.  • Ирактагы АКШ армиясынын калган бөлүгү дагы турушу керек.  • Ливиядагы “Ислам мамлекетин” бомбалоону колдойт.  • Миграциялык процесске көзөмөлдү күчөтөт, “мусулмандардын Кошмо Штаттарга келүүсүнө таптакыр тыюу салат”.  • Учурда АКШда тыюу салынган суу менен кыйноону терроризмге шектелгендерге колдонууга макул. ______________________________________________________
Мен келечекте таза энергияны биздин экономикага колдонуунун пайдасынан баш тартууга же климаттын өзгөрүүсүн көңүл сыртында калтырып, биздин балдарды алааматка түртүүгө эч кимге жол бербейм. ____________________________________________ •Климаттын өзгөрүүсү – моралдык, экономикалык жана “улуттук коопсуздукка сыноо таштаган” суроо.  •“Интенсивдүү глобалдык аракеттин” жана өлкөнүн ички өнүгүүсү аркылуу дүйнөнү таза, жаңыланып турган энергияга өткөрүүнү жетектөөгө даярмын.  • Энергиянын жаңыланып турган булактары, энергосистемалардын туруктуулугу жана абанын булганышын көзөмөлдөө үчүн мамлекеттик жана жергиликтүү бийликтер менен федералдык өнөктөштүк программа түзүлөт.  • 2020-жылы жарым миллиондон ашуун күн энергиясы менен иштеген батареялар коюлат. • 2026-жылга чейин АКШдагы ар бир үйдө жетиштүү энергиянын жаңыланып турган булагы менен камсыздалат. ______________________________________________________
“Глобалдык жылуулук концепциясын Кытай АКШнын өндүрүш секторун атаандаштыкта алсыздандыруу үчүн түзгөн. Федералдык бийликтер буга кийлигишпей, бул эрежелерден баш тартышы керек. Бул көзөмөлдөн чыгып кетти” ____________________________________________   • Обаманын администрациясынын климаттын өзгөрүүсүн токтотууга багытталган чараларына каршы аракеттерди колдойт.  • 2015-жылы Парижде кол коюлган климат боюнча БУУнун макулдашуусунан АКШнын чыгуусун колдойт.  • Айлана чөйрөнү коргоо боюнча федералдык мыйзамдарды кыскартат.  • Көмүр шахталарында жумушчу орундар сакталат.  • АКШнын энергетикалык көз карансыздыгын бекемдөө үчүн нефть иштетүү тармагын кеңейтүүнү жана Кейстоун XL газ куурунун долбоорун кайра кароону колдойт. ______________________________________________________
 ШАЙЛОО 2016 ТЫШКЫ САЯСАТТАГЫ КӨЗ КАРАШТАР
АКШда президенттикке талапкерлер Хиллари Клинтон менен Дональд Трамп тышкы саясаттагы негизги алты суроо боюнча “таймашат”.
“Кытай менен мамилебизди оңдоо бакубат заманга карай дагы бир кадам. Кытай күч-кубатты сыйлайт, экономикалык жактан бизден алдыга оздуруп ийип, алардын сыйынан кур калдык. Кытай менен биздин соода таңкыстык өтө чоң, биз болсо ошол таңкыстыкты теңештирүүнүн жолун табышыбыз керек. Күчтүү жана акыл менен Америка Америка болуп, Кытайды мыкты дос кыла алат”. ____________________________________________   • Кытайды айрыкча экономикалык саясатта АКШнын башкы каршылаштарынын бири катары көрөт.  • Соода таңкыстыгын теңештирүү аркылуу Кытай менен мамилени оңдоону колдойт. • Кытай импортуна 45% тариф киргизүүнү колдойт.  • Кытайдын кибертыңчылыгына каршы күрөштү колдойт.  • Бээжинди ДСУ жана башка соода келишимдеринин эрежелерин сактоого мажбурлоону колдойт.  • Түндүк Кореянын ядролук программасына таасир этүүдө Бээжинге басым жасалат. ______________________________________________________
Хиллари Клинтон
Дональд Трамп